24.kg
09:52, 21 февраля 2024, 24.kg

Президент Садыр Жапаров Татарстанга барды

Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Татарстанга барды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчысынын борту Казань шаарындагы Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Татарстандын башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эске салсак, Садыр Жапаров «Келечек оюндары» эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат. Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компаниялардын жетекчилеринин катышуусу да күтүлүүдө.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында ал Россиянын президенти Владимир Путин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18