24.kg
15:50, 20 февраля 2024, 24.kg

«Ысык-Көл» аэропортунун тосмосу кайрадан кулап калды

«Ысык-Көл» аэропортунун тосмосу экинчи жолу кулап калды. Маалыматты 24.kg агенттигине «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы тастыктады.

Белгиленгендей, тосмо 17-февралда катталган катуу шамалдан улам кулаган. «Манас» аэропорту калыбына келтирүү маселеси боюнча азырынча комментарий бере элек.

Эске салсак, Тамчы аэропортунун айланасындагы тосмолор 2023-жылдын март айында болгон шамалдан улам тургузулгандан кийин эки айга жетпей урап түшкөн. Ал өткөн жылдын январь айында курулган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18