24.kg
12:24, 20 февраля 2024, 24.kg

Батыш автобекети шаар сыртына качан көчүрүлөрү белгилүү болду

Батыш автобекетин 2024-жылдын үчүнчү кварталында көчүрүү пландалууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине берген маегинде мэриянын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин башчысы Уланбек Бейшенбаев билдирди.

Ал белгилегендей, долбоор боюнча жаңы автобекетке Чүй облусунун батыш бөлүгүнөн эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдар токтойт.

«Автобекет Васильевкский тракт боюнча Достук айылынын батыш тарабында болот», — деди Уланбек Бейшенбаев.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чыгыш жана Батыш автобекеттерин шаардын сыртына көчүрүү үчүн кеминде 25 миллион доллар талап кылынарын билдирген. Анын айтымында, каражат бөлүнө баштады. Долбоор быйыл ишке ашат деп болжолдонууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18