24.kg
14:54, 19 февраля 2024, 24.kg

Кадрлар резервин түзүү жөнүндө президенттин жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров «Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө» жарлыгына өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жобонун 2-главасы 221-пункт менен толукталды.

  • Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кайра уюштурулгандыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган айыл өкмөтүнүн башчылары пилоттук мезгилде кошумча конкурстук жол-жоболорду өтпөстөн квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда арызы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18