Айыл чарба министрлигинде 472 миллион сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды
Эсептөө палатасы Айыл чарба министрлигинде, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндө 2021-2022-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
- каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кем чыгуулар — 60 миллион 147,1 миң сом;
- бюджеттин кошумча эсептелген кирешелери — 943,8 миң сом;
- Социалдык фонддун кошумча эсептелген кирешелери — 760,0 миң сом;
- бюджеттин чыгымдар бөлүгү жана башка төлөмдөр боюнча бюджеттин жоготуулары — 76 миллион 19,5 миң сом;
- рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар — 289 миллион 485,6 миң сом.
«Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда сатылып алынган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн жана жер семирткичтердин 2022-2023-жылдары керектөөчүлөргө сатылышына жана таратылышына утурлама аудиттин жыйынтыгында аныкталган 214 миллион 397,9миң сом жоготуулар боюнча маалыматтар Ички иштер министрлигине укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.