24.kg
09:45, 19 февраля 2024, 24.kg

Социалдык маанилүү товарлардын баасын кармап туруу планы бекитилди

Министрлер кабинети 2024-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планын бекитти. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Тескеме социалдык маанидеги товарларга баанын өсүшүн токтотуп туруу, туруктуулукту жана ички рынокту толтурууну камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле 2024-жылы социалдык маанилүү товарлардын ата мекендик өндүрүшүн мамлекеттик колдоо болуп саналат.

Министрлер кабинети буга чейин өсүмдүк майына, унга жана буудайга КНСти нөлгө түшүрүү, айрым товарларды (жем, пияз, минералдык жер семирткич жана башка) экспорттоого чектөөлөрдү киргизүү сыяктуу бааларды турукташтырууга өбөлгө түзгөн чараларды көргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18