24.kg
15:19, 16 февраля 2024, 24.kg

Бишкек — Алматы жолу убактылуу жабылды

Бишкек — Алматы жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Бирок Казакстандын аймагында аба ырайы начарлап, Кордай ашуусунун жабылганына байланыштуу Бишкек — Алматы эл аралык трассасында кыймыл убактылуу токтотулду.

Чек ара кызматы айдоочуларга жол маршруттарын аба ырайынын шарттарын эске алуу менен пландаштырууну, ошондой эле жолдун ар кайсы тилкелеринде узакка токтоп турууга даяр болууну, биринчи зарылдыктагы нерселерди (тамак-аш, жылуу кийимдер, суу, күйүүчү-майлоочу майлар) алууну сунуштайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18