24.kg
12:34, 16 февраля 2024, 24.kg

Аба ырайына байланыштуу Бишкектеги мектептерде сабактар кыскартылып өтүлөт

Бишкек шаарынын мектептеринде үч күн сабактар кыскартылып өтүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, билим берүү департаменти мэр Айбек Жунушалиевдин кеңешмесинин жыйынтыгында сабактарды кыскартып өткөрүү боюнча буйрук чыгарды.

17, 19, 20-февралда биринчи нөөмөт саат 9:00дө башталат, ал эми экинчи нөөмөт саат 16:00дө бүтүшү керек. Сабактар 30 мүнөттөн өтүлөт.

«Бала бакчалар кадимки режимде иштеп жатат. Бирок ата-энелер кааласа балдарын чоңдордун көзөмөлүндө үйдө калтыра алышат», — деп билдирди мекеме.

Мындан тышкары, жеке менчик билим берүү уюмдарына Кыргызгидрометтин аба ырайы тууралуу маалыматын эске алуу менен окуу процессин уюштуруу сунушталат.

Бардык кошумча суроолор боюнча 0709240284 номуруна кайрылса болот.

Бишкек шаарынын мэриясы бул жагдайга окуу процессинин бардык катышуучуларын түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18