24.kg
13:15, 15 февраля 2024, 24.kg

Опера жана балет театрынын артисттери Европанын төрт өлкөсүнө гастролго барышты

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттери «Руханий мурас — мезгил байланышы» концерти менен Европа өлкөлөрүнө барып келишти. Бул тууралуу театрдын директору Найля Рахмадиева маалымат жыйында билдирди.

Кыргызстандык артисттер Венгрия, Франция, Германия жана Австрияга барышты.

Концерттерде Кыргызстандын эл артисти Бактыбек Ыбыкеев баш болгон опера жана балет театрынын алдыңкы солисттери кыргыз ырлары ырдашты. Ошондой эле эл артисти Нурланбек Нышановдун аткаруусунда фольклордук чыгармалар жана улуттук аспаптардын күүлөрү жаңырып, классикалык опералардагы ырлар дагы сунулду.

Мындан тышкары дизайнер Гүлмира Акматованын кийизден жасалган кийимдер коллекциясы көрсөтүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18