24.kg
12:47, 15 февраля 2024, 24.kg

Дастан Бекешев Кыргызстанда Польшанын консулдук кызматын ачууну сунуштады

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанда Польшанын консулдук кызматын ачууну сунуштады. Ал белгилегендей, Кыргызстандын жарандары үчүн жумушчу визасын алууда кыйынчылыктар жаралууда.

«Польшага жумушка баруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жарнама чыкты, бирок тилекке каршы бизде бул өлкөнүн консулдук бөлүмү жок. Польшанын өзүндө да Кыргызстандын элчилиги жок. Бул өтө жаман. Жумушчу визасын алуу үчүн жарандарыбыз Алматыга барууга аргасыз болушууда. Бирок ал жакта шарттар өтө начар. Польшанын Казакстандагы консулдугу жарандарыбызга ар кандай тоскоолдуктарды жаратып жатат», — деди Дастан Бекешев.

Депутат Тышкы иштер министрлиги аркылуу Польша менен консультация өткөрүүнү суранды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18