24.kg
11:53, 15 февраля 2024, 24.kg

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы АКШ жаранынан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын декабрь айынын аягында АКШ жараны эки кишинин жардамы менен Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн бөлүм башчысына кайрылып, аны зордуктады деп коркутуп, шантаж кылган Кыргызстандын М.Н.М. аттуу жаранына карата чара көрүү өтүнүчүн билдирген.

«Бирок милиция кызматкери кылмыштуу кол салууга бөгөт коюунун жана М.Н.М.га карата мыйзамда белгиленген чараларды көрүүнүн ордуна, аны менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, ал аркылуу АКШнын жаранынан шантаж кылуу жолу аркылуу 2 миллион сом өлчөмүндө акча талап кылууну уюштурган», — деп айтылат маалыматта.

Photo 321852

Чындыкты аныктоо максатында чет өлкөлүк жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылууга аргасыз болгон, М.Н.М козголгон кылмыш ишинин алкагында акча каражаттарын алып жатканда пара менен кармалган.

«Тергөөнүн жыйынтыгында, акча каражатын алуу үчүн М.Н.М. аттуу жаранды милиция кызматкери өзүнүн жеке автоунаасы менен алып келгендиги, ал жогорудагы жаранды кармоодо кылмыш болгон жерден качып кеткендиги аныкталган», — деп билдирди УКМК.

Аталган кылмыш иши тергөө үчүн УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилип, анда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплексинин негизинде 13-февраль күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы пара талап кылган деген шек менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18