24.kg
17:49, 14 февраля 2024, 24.kg

2024-жылы 3 миңден ашык кыргызстандык Түштүк Кореяга иштөөгө жөнөтүлөт

Түштүк Корея 2024-жылы Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу үчүн 3 миң 300 квота берди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору билдирди.

Белгиленгендей, бул өткөн жылга салыштырмалуу 17,9 пайызга көп. 2023-жылы квоталардын жалпы саны 2 миң 800 болгон.

Борбордун директору Бакыт Кудайбердиев талапкерлерди даярдоонун жана тандоонун сапатын жогорулатуу, ошондой эле Кореядагы кыргызстандыктарды коштоо жана колдоо, анын ичинде адаптация, окутуу, эмгекти коргоо жана конфликттүү кырдаалдарды чечүү боюнча иштерди күчөтүүнү пландап жатышканын белгиледи.

Photo 321794

5-февралдан 7-февралга чейин Кореяда жыл сайын өтүүчү конференция болуп, ал жакка Employment Permit System (EPS) программасы боюнча өз жарандарын ишке орноштурган 16 мамлекеттин өкүлдөрү чакырылган. Ага Бакыт Кудайбердиев катышты.

EPS программасы чет элдик жумушчуларга Кореяда айыл чарба, курулуш, өндүрүш жана кызмат көрсөтүү сыяктуу жумушчу күчү жетишсиз тармактарда мыйзамдуу түрдө иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле чет өлкөлүк кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, алардын эмгек жана жашоо шарттарын жакшыртууга, квалификациясын жана көндүмдөрүн жогорулатууга жардам берет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18