24.kg
17:43, 19 марта 2020, 24.kg

Бала бакчалар 8-апрелге чейин жабылды

Кыргызстанда бала бакчалар менен балдар борборлору коронавируска карата 8-апрелге чейин жабылат. Бул боюнча буйрукту билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мекеменин пресс-борборунда жарыялады.

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иш-аракеттери жеке менчик жана таандык мекемелерден көз каранды эмес. Ал эми эрте өнүктүрүү борборлору 20-марттан тартып жабылат.

Бишкек жана Ош шаарындагы билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө, ар бир уюмдун директорлоруна, башкармалыктарына жеткирүү тапшырмасы милдеттендирилди.

Ал эми эки күндүн ичинде баардык билим берүү уюмдарынын имараттары санитардык тазалоодон өтөт.

Эске сала кетсек, КРдин Эмгек кодексинин 2 пунктундагы 172 беренеси боюнча, мамлекет тараптан каржыланган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айлык маянасы сакталат.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18