24.kg
17:16, 16 марта 2020, 24.kg

Коронавируска байланыштуу кырдаалга карабай өлкөдөгү бала-бакчалар иштей берет

Өлкөдөгү бала-бакчалар жабылбайт. Бул тууралуу өкмөттүн коронавирустун алдын-алуу боюнча республикалык штабынын кезектеги жыйынында айтылды.

Маалыматта иштеген ата-энелердин шарттын түшүнүү менен бала бакчалар иштей берери айтылат.

«Балдарын таштай турган адамы жок, карай турган кишиси жок иштеген ата-энелерге шарт түзүү зарыл. Буга байланыштуу бала бакчалар иштейт. Канча бала келгенине карабастан бакчалар аларды кабыл алып, тийиштүү кызматтарды көрсөтүшөт. Баланы бакчага жиберүү же жибербөө маселесин ата-эне өзү чечет. Ошол эле учурда бала бакчаларда Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштары катуу сакталып, тиешелүү дезинфекциялык иштер жүргүзүлүшү шарт», — деп жооп берди республикалык штабдын мучөлөрү.

Аны менен катар республикалык штабдын оюн аянтчаларын, компьютердик клубдарды жапты.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавируска карата 16-марттан 8-апрелге чейин ЖОЖдорду жана мектептерди каникулга тараткан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18