Мэр Бишкекти жаңылоого кеткен каражаттын эсебин тактоону тапшырды
Бишкек шаарынын мэриясында борбор калаада өткөрүлгөн ири эл аралык иш-чараларга даярдык көрүү жана аларды өткөрүү боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, мындан аркы милдеттер аныкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Борбор калаанын мэри жолдорду жана тротуарларды оңдоо, имараттардын фасаддарын жаңылоо, жашылдандыруу, көчөлөрдү көрктөндүрүү жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган башка иштер мындан ары да улантылышы керектигин баса белгиледи