Кыргызстанда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмологдор бүгүн, 15-сентябрда Кыргызстанда силкинүү күчү 3 баллга жеткен жер титирөөнү катташты.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер алдындагы силкинүүлөр эртең менен саат 7:55те катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан аймагында: Шоро-Башат айылынан түштүк-батышка карай 10 чакырым, Шералы айылынан түндүк-батышка карай 8 чакырым, Манас шаарынан түштүк-чыгышка карай 21 чакырым жана Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Шоро-Башат айылында болжол менен 2,5 баллды түздү.