Эпосту аткарган Нурчолпонго байланыштуу «Манас» театры үн катты
Ырчы Нурчолпон «Манас» эпосун жаңы форматта аткарып, анын чыгармасы социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Буга байланыштуу Кыргыз улуттук «Манас» театры расмий билдирүү жасап, аткарууну тиешелүү платформалардан өчүрүүгө чакырды.
Театр сын-пикирлердин бир бөлүгү ырчынын сахнага кийген кийимине байланыштуу болгонун белгиледи. Театрдын пикиринде, эпостун сөзү, музыкасы, сахнадагы образы жана кийими «Манастын» рухуна, кыргыз элинин салт-санаасына жана улуттук баалуулуктарына шайкеш келиши керек.

Ошол эле учурда театр «Манасты» жайылтуу үчүн заманбап искусство формаларын колдонууга каршы эмес. Эпосту музыкада, кинодо, театрда, хореографияда жана башка чыгармачылык багыттарда кеңири таанытуу зарыл экени белгиленди. Бирок анын мазмуну жана руханий өзөгү сакталышы керек.
«Кеп «Манасты» ким аткарганында же кайсы музыкалык багытта аткарганында эмес. Негизги маселе — улуу мураска болгон мамиледе», — деп билдиришти театрдан.
Театр Нурчолпондун демилгесин толугу менен четке какпай турганын да белгиледи. Мындай чыгармаларды даярдоодо манасчылар, эпосту изилдеген адистер, филологдор, тарыхчылар, композиторлор жана этнографтар менен кеңешүүнү сунуштады.
Ошондой эле сын-пикирлер ырчыны кемсинтүү, шылдыңдоо же негизсиз айыптоолор менен коштолбошу керектигин эскертишти. Анын максаты — улуттук мурасты сактоо жана чыгармачылык иштердин сапатын жогорулатуу болушу керек.