Депутат Бишкектин түштүгүндөгү курулуштарды сынга алды
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектин түштүк тарабындагы башаламан курулуштарды сынга алды. Ал жаңы конуштарда мектеп, бала бакча жана күнүмдүк керектелүүчү дүкөндөр жетишсиз экенин айтып, бул коңшу райондордун инфраструктурасына кошумча күч келтирерин белгиледи. Депутат бул тууралуу «Зелёный чай» подкастында маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Түштүк магистралдан жогору курулуп жаткан жаңы турак жай кварталдарында инфраструктура маселеси жетиштүү деңгээлде эске алынган эмес. Тургундар күнүмдүк керектөөлөрү үчүн башка райондорго барууга аргасыз болуп, бул жолдордогу унаа тыгынын күчөтөт.
Ал жаңы кварталдарды мурдагы кичирайондор менен салыштырып, буга чейин мектептер, бала бакчалар жана дүкөндөр турак үйлөргө жакын жайгаштырылып келгенин белгиледи. Жаңы райондордо мындай инфраструктуранын жетишсиздиги коңшу аймактарга, анын ичинде 6-кичирайонго да таасирин тийгизиши мүмкүн.
Депутат коомдук транспорттун уюштурулушуна да токтолду. Анын пикиринде, кошумча автобустарды сатып алуу менен гана маселе чечилбейт. Маршруттарды түзүүдө жүргүнчүлөрдүн кайсы багытта жана канча санда каттаары тууралуу маалыматтарды эске алуу зарыл.
Бекешев коомдук транспорттун маршруттук каттамдарын тургундардын жеке кайрылууларына гана эмес, адамдардын реалдуу жүрүү багыттарын көрсөткөн маалыматтарга таянып түзүүнү сунуштады.