24.kg
- 24.kg

Дээрлик 47 миң тонна таштанды чыкты. Аламүдүн дарыясын тазалоо иштери аяктады

Бишкекте Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

 

Photo 368514

Дарыянын 11 чакырым аралыгын тазалоодо муниципалдык кызматкерлер 2100 жолу чыгып, 46822 тонна таштанды чыгарылды.

Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан тиешелүү уруксат документтери жок дарыянын жээгинде жайгашкан 16 объект демонтаждалган.

Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иштер менен таанышты.

«Иш муну менен эле токтоп калбайт. Бүгүнкү күндө негизги иштерден тышкары дарыяны эстетикалык көрүнүшкө алып келүү үчүн чакан экскаваторлорду ишке киргизебиз», — деп баса белгиледи калаа башчысы.

Текшерүү учурунда Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына Аламүдүн дарыясынын жээгинде жайгашкан тосмолор кандай негизде орнотулгандыгын иликтөө тапшырмасы берилди. Тиешелүү уруксаттар жок болсо, демонтаждоо иштерин жүргүзүшөт.

Ошондой эле, «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү, сейилдөөчү аянтча уюштуруу, жарандардын эс алуусу үчүн шарттарды түзүү жана дарыя жээктерин бекемдөө боюнча башка тиешелүү иштерди жүргүзүү милдети коюлду. Жөө жүрүүчүлөрдүн эс алуу жерлериндеги чуңкурларды оңдоо иштери «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына тапшырылды.

Мындан тышкары, борбор калаа башчысы Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштери менен таанышып, тазалоо иштерин 20-мартка чейин бүтүрүү милдетин койду.

Учурда 1400 метр тазаланды. Тазалоо иштерине жаңы атайын техника, анын ичинде 5 экскаватор жана 9 HOWO самосвалы тартылды.

Тазалоо иш-чараларын «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы башка шаардык кызматтар жана КР ӨКМ менен биргеликте жүргүзүүдө.

Views
5
Download
Copy link
Share
Атака на Иран

Научно-исследовательскую работу для сохранения экосистем усиливают в Кыргызстане

6 дней назад

Власть

В Кыргызстане создадут сеть современных складов для хранения овощей и фруктов

Общество
Происшествия

Экономика
Агент 024
Техноблог
Полезные советы

БАЙЛАНЫШТАР

Дарек: Кыргызстан, 720021, Бишкек ш., Манасчы Сагымбай көч., 77.

Телефон: +996 (312) 660 188 (кабыл алуу бөлүмү).
WhatsApp: +996 (555) 312 024 (билдирүүлөр үчүн гана).

Почта: info@24.kg

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18