24.kg
- 24.kg

Президент: «Максим менен Жаныш Бакиевдер келсе түз эле абакка отурушат»

Интернет желесинде экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Бишкекке жеке учак менен учуп келди деген маалыматтар тарап жатат. Бул кептер коомдо активдүү талкууларды жаратты.

УКМК бул маалыматты расмий түрдө четке какты, бирок коомчулукта талкуу токтогон жок. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров комментарий берди.

«Максим менен Жаныш Бакиевдер өмүр бою соттолгон. Келсе түз эле түрмөгө түшүшөт. Соттун күчүнө кирген өкүмү турат. Ал өкүмдү эч ким өзгөртө албайт. Өзгөртүлбөйт дагы. Ошондуктан аларды берүүдөн таптакыр баш тартышты. Себеби биз ал экөөнү камабай коё албайбыз», -деди ал

Мамлекет башчы КР экс-президенти Курманбек Бакиев тууралуу да айтып өттү.

Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Эгер камабасаңар өткөрүп берели» деп жатышат. Сапар Исаков боюнча дагы ушундай эле маселе. «Камабасаңар бүгүн өткөрүп берүүгө даярбыз» дешти. Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул деп алып келип ТЭЦ боюнча, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе болду. Акчаларды бюджетке кайтарып алыш күч органдарынын иши. Уурдалган миллиарддаган акчаларды ушундай жолдор менен эле кайтардык го.

Ал эми Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай маселе. Ячейкаларда канча акча болгон. Максимдин офисинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болуп жатат. Канча тонна болгон.

Апрель, июнь окуялары жана башка иштер боюнча ал кишиден да экинчи тарап катары угуп, иштерди жыйынтыктап койбойлубу. «Кантип эле ушул турган Москва менен Минсктен алып келе албай жатасыңар» деп 15 жылдан бери жалпы эл талап кылып келе жатпайбы", -деп кошумчалады Садыр Жапаров.

"Жалган маалымат тараткандар ушул сүйлөшүүлөрдүн чет-бучкагын укса керек.Ошол үчүн Максим Бакиев деп болжолдоп урдуруп жатышса керек.

Кана эми Максим Бакиев келип калган болсо. Камап коюп миллиарддаган акчаларды бюджетке кайтарат элек",-деп жыйынтыктады президент.

Views
7
Download
Copy link
Share
Атака на Иран

Научно-исследовательскую работу для сохранения экосистем усиливают в Кыргызстане

4 дня назад

Власть

В Кыргызстане создадут сеть современных складов для хранения овощей и фруктов

Общество
Происшествия

Экономика
Агент 024
Техноблог
Полезные советы

БАЙЛАНЫШТАР

Дарек: Кыргызстан, 720021, Бишкек ш., Манасчы Сагымбай көч., 77.

Телефон: +996 (312) 660 188 (кабыл алуу бөлүмү).
WhatsApp: +996 (555) 312 024 (билдирүүлөр үчүн гана).

Почта: info@24.kg

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18