24.kg
- 24.kg

Төрөбаев: «Кыргызстанда үрөн, жер семирткич менен камсыздоодо маселе болбойт»

«Быйыл 64,6 миң тонна дан үрөнү керектелет. Бүгүнкү күндө 58,5 миң тонна үрөн топтолуп, муктаждыктын 91 пайызын түздү. «Бирок биз дан, күрүч, тамеки, буурчак жана соя менен 100 пайыз камсыз болдук», — деди Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында.

Ал кошумчалагандай, жетишпеген үрөн субсидиялар жана үрөн чарбаларында бекер сатууга сунушталган үрөндөр менен камсыздалат.

Маалым болгондой, 15 питомник мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 12 миллион 152 миңден ашуун көчөттөрүн даярдашкан.

Ал эми минералдык жер семирткичтерге келе турган болсок, алардын болжолдуу чыгымдалышы жылына 140-150 миң тоннаны түзөт.

«Бүгүнкү күндө 41,9 миң тонна минералдык жер семирткичтер алынып келинип, камсыздоо деңгээли 30 пайызды түздү. Учурда сегиз ишкана жер семирткичтерди алып келүүдө, үзгүлтүккө учураган жок», — деди аткаминер.

Views
10
Download
Copy link
Share
Атака на Иран

Научно-исследовательскую работу для сохранения экосистем усиливают в Кыргызстане

4 дня назад

Власть

В Кыргызстане создадут сеть современных складов для хранения овощей и фруктов

Общество
Происшествия

Экономика
Агент 024
Техноблог
Полезные советы

БАЙЛАНЫШТАР

Дарек: Кыргызстан, 720021, Бишкек ш., Манасчы Сагымбай көч., 77.

Телефон: +996 (312) 660 188 (кабыл алуу бөлүмү).
WhatsApp: +996 (555) 312 024 (билдирүүлөр үчүн гана).

Почта: info@24.kg

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18