24.kg
14:32, 20 марта 2020, 24.kg

Ош базарда бет кап 50 сомдон сатылууда

Бишкектеги ири базарлардын бири «Ош» базарында бет кап 50 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу окурман 24.kg агенттигине кабарлады.

Анын айтымында, Ош базарда бет каптын баасын өздөрү билип 50 сомго көтөрүп алышкан, бирок аларга эч ким эч кандай чара көргөн жок.

«Мындайларга кылмыш иши козголуп, жазаланат!», — деп талап кылып жаткан мамлекеттик органдар кайда?

«Бул жакта ээн-эркин эле мыйзам бузуу болуп жатат, бирок буга карата эч ким чара көргөн жок. Деги эле, мындай жайларда маска сатууга мыйзам жол береби?», — деп нааразычылыгын билдирди.

24.kg агенттигине 0555312024 номуру аркылуу WhatsApp жана Telegramдан маалымат жөнөтсөңүз болот.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18