24.kg
- 24.kg

Айгүл Жапарова менен Жамиля Исаева эң таасирдүү 50 айымдын катарына кирди

Постсоветтик мейкиндиктеги саясаттагы эң таасирдүү 50 айымдын тизмеси адаттагыдай эле «Мураскор» Telegram каналы тарабынан жарыяланды.

Тизмеге Кыргызстандын эки өкүлү: өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова жана Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева кирген.

Эң таасирдүү 50 айымдын рейтингинин сап башында Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко турат. Экинчи орунда Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жубайы Мехрибан, ал эми алдыңкы үчтүктү Светлана Медведева (Россия) жыйынтыктады.

Андан кийин Өзбекстандын, Тажикстандын, Грузиянын, Армениянын, Украинанын, Түштүк Осетиянын башчыларынын жубайлары жана Түркмөнстандын башчысынын апасы да болгон. Тизмеде Өзбекстандын президентинин кызы Саида Мирзиёева менен Эмомали Рахмондун кызы Озода Рахмон да бар.

Талапкерлер постсоветтик мейкиндиктеги саясий процесстерге системалык таасиринин деңгээли сыяктуу критерийлердин негизинде тандалып алынган; элиталык колдоо же мамлекет башчысына жакындык; расмий статусу же кызмат орду; башка саясий ишмерлерге жана ачык-айкындуулукка таасир көрсөтүүнүн деңгээли каралган.

Эске салсак, Айгүл Жапарова да 2024-жылы мурдагы СССРдин эң таасирдүү 50 айымынын катарына кирген.

Views
9
Download
Copy link
Share
Атака на Иран

Научно-исследовательскую работу для сохранения экосистем усиливают в Кыргызстане

4 days ago

Власть

В Кыргызстане создадут сеть современных складов для хранения овощей и фруктов

Общество
Происшествия

Экономика
Агент 024
Техноблог
Полезные советы

CONTACTS

Address: Kyrgyzstan, 720021, Bishkek, Manaschy Sagynbay St., 77.

Phone: +996 (312) 660 188 (reception).
WhatsApp: +996 (555) 312 024 (messages only).

Email: info@24.kg

SOCIAL MEDIA

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© News Agency «24.kg» - News of Kyrgyzstan. All rights reserved. All information posted on this website is intended for personal use only and may not be distributed without the written permission of NA «24.kg». The editorial team is not responsible for the content of reprinted materials and statements of individuals. +18