24.kg
- 24.kg

Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залы оңдолот. Ал кандай болот?

Жогорку Кеңештин имаратынын чоң жыйындар залы санариптештирилип, заманбап техникалар менен жабдылат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин жыйындар залында жүргүзүлө турган оңдоп-түзөө иштери боюнча маалымат алды. Төрага 2023-жылы Жогорку Кеңештин техникалык базасын чыңдоо багытында Корея менен атайын макулдашууга кол коюлгандыгын эске салды.

«Долбоордун алкагында парламенттин чоң жыйындар залы акыркы үлгүдөгү заманбап техникалар менен камсыздалып, мыйзам чыгаруу ишин санариптештирүүгө багытталган жумуштар жасалат. Ага ылайык, жыйындар залы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздалышы кажет. Жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү жана жаңылоо иштери мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген терең ишеничтемин», — деди ал.

Муну менен катар быйыл эл арасында Ак үй деп аталган тарыхый жайдын айланасындагы таман таштарды да жаңылоо мерчемделүүдө. Ошондой эле бак-дарактар иретке келтирилип, жаңы көчөттөр олтургузулат.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Ак үй маанилүү административдик имарат эле эмес, эгемендүүлүгүбүздүн эн белгиси саналган тарыхый жай экенин белгилеп: «Андыктан өзгөчө стилде жасалган имараттын айлана-тегереги да талаптагыдай болушу шарт. Себеби, Ак үй борбор калаага келген меймандардын, чет өлкөдөн келген туристтердин көңүлүн бурган жай болуп эсептелет», — деп кошумчалады.

Алсак, борборубуздун чок ортосунда орун алган Ак үй 1984-жылы ишке берилген. Жалпы аянты 4,5 гектар жерди ээлейт. Акыркы жолу чоң жыйындар залы 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Views
7
Download
Copy link
Share
Атака на Иран

Научно-исследовательскую работу для сохранения экосистем усиливают в Кыргызстане

4 days ago

Власть

В Кыргызстане создадут сеть современных складов для хранения овощей и фруктов

Общество
Происшествия

Экономика
Агент 024
Техноблог
Полезные советы

CONTACTS

Address: Kyrgyzstan, 720021, Bishkek, Manaschy Sagynbay St., 77.

Phone: +996 (312) 660 188 (reception).
WhatsApp: +996 (555) 312 024 (messages only).

Email: info@24.kg

SOCIAL MEDIA

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© News Agency «24.kg» - News of Kyrgyzstan. All rights reserved. All information posted on this website is intended for personal use only and may not be distributed without the written permission of NA «24.kg». The editorial team is not responsible for the content of reprinted materials and statements of individuals. +18