Дарья ПОДОЛЬСКАЯ, Турдубек АЙГЫРОВ
14:20, 10 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Максим Бакиевге тийгизген залалын төлөп берүүгө алы жетпейт

Кыргызстандын Максим Бакиевге тийгизген залалын төлөп берүүгө алы жетпейт. Бул боюнча «24.kg» МАсына анын жактоочулары билдиришти.

Белгилей кетсек, Англиянын Жогорку соту кыргыз өкмөтүн мурдакы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди 26 миллион долларды жеп алды деп негизсиз айыптагандыгы үчүн ага тийгизген зыянды төлөп берүүсүн талап кылган чечим кабыл алган.

Жактоочулардын айтымында, өкмөт Англиянын сотунун чечимин аткаруудан баш тарткандыктан Максим Бакиев сот аркылуу төлөтүп алуу үчүн доо арыз даярдап жатат.

Эскерте кетсек, сентябрда бир катар маалымат каражаттары «Хикман энд Роуз» юридикалык компаниясына шилтеп, Кыргызстан Максим Бакиевге каршы 20 миллион фунт стерлингдик доону кайтарып алганын жазган. Ага Максим Бакиевге каршы эки мамлекеттик фонддон уурдалган акча боюнча жарандык доо жолдонгондугу себеп болгондугу көрсөтүлгөн.

Өкмөттө, Максим Бакиевге каршы доо арызды кайтарып алгандыгы жана аны жеңиши жөнүндө маалыматтарды четке кагышты.

Views
11
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

1 день назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18