13:30, 11 марта 2025, 24.kg

Нарындагы мурдагы «Дружба» пионер лагеринин аймагы мамлекетке кайтарылды

Жумгал районунун Арал айылында жайгашкан мурдагы «Дружба» пионер лагеринин аймагы кошумча түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Photo 368456

Кайтарылган аймактын жалпы аянты 4,5 гектарды түзөт.

«Оргтехника» ААКтын калган объектилерин мамлекетке кайтарып алуу боюнча кошумча иш-чаралардын жүрүшүндө ишкананын жетекчилигинин улам алмашып турушунун фонунда, мурдагы Миң-Куш «Оргтехника» заводуна караштуу 180 орундуу «Дружба» пионер лагери кыймылсыз мүлктү каттоо органдары тарабынан эч кандай документтери жок «Үмүт» кооперативине өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Натыйжада, 2008-жылдын 31-декабрында «Үмүт» кооперативинин директору Р.К. тарабынан «Достук» пионердик лагери М.Б.С. аттуу жаранга сатып алуу-сатуу келишими боюнча ажыратылган.

Мурдагы менчик ээлери тарабынан пионер лагеринин турак жай корпустарын демонтаждоого жана алардын материалдарын сатууга жол берүүнүн натыйжасында аталган объекттен жер тилкеси гана калган.

Аталган объект Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл аймагынын балансына өткөрүлгөн.

Буга чейин мурдагы Миң-Куш «Оргтехника» заводуна (азыркы «Оргтехника» ААК) таандык товардык-материалдык баалуулуктар, жалпы аянты 11 га болгон 6 кыймылсыз мүлк объектилери (жер тилкелери жана имараттар), инвентарлык буюмдар (станоктор) мамлекеттик баланска кайтарылган.

«Оргтехника» ААКтын калган объектилерин кайтаруу боюнча кошумча иш-чаралар улантылууда.

Views
10
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

1 день назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18