13:22, 11 марта 2025, 24.kg

Келтирилген зыян 200 млн сомдон ашат.Таласта салык кызматкери кармалды

Талас облусунда Мамлекеттик салык кызматынын Айтматов району боюнча киреше бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Глобал Корумтор Майнинг» ЖЧКсын мыйзамсыз банкроттук жол-жобосу боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын Айтматов району боюнча башкармалыгынын киреше бөлүмүнүн башчысы Р.Б.К кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Тактап айтканда, Р.Б.К. «Глобал Корумтор Майнинг» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алып, жогоруда аталган компанияга мамлекетке салык карызы жок экендиги тууралуу маалыматтык катты мыйзамсыз берип, анын банкрот деп табылышына өбөлгө түзгөн. Р.Б.К. жалган маалымкат берүүнүн изин жашыруу максатында МСКБнын маалымат базасына «Глобал Корумтор Майнинг» ЖЧКнын мамлекетке 213 млн 134 миң 589 сом карызы тууралуу маалыматты киргизген.

 

Photo 368455

Натыйжада «Глобал Корумтор Майнинг» ЖЧКсы банкрот деп табылып, мамлекеттин кирешесине 213 млн 134 миң 589 сом өлчөмүндө милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн мыйзамсыз бошотулган.

Учурда кылмыш ишинин алкагында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Views
10
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

1 день назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18