08:30, 11 марта 2025, 24.kg

Тажикстандын президенти Кыргызстанга 12-13-мартта келет

12-13-мартта Тажикстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарына байланыштуу Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Чектөөлөр төмөнкү көчөлөргө киргизилет:

«Манас» эл аралык аэропортунун жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;

Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.

ЖКККББ бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унааларды калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар менен зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Views
13
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

1 день назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18