18:07, 10 марта 2025, 24.kg

ЕРӨБ үч шаарды суу менен камсыздоо жана тазалоочу жайларга 17 млн евро бөлөт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын үч шаарынын суу менен камсыздоо жана тазалоочу жайларына 17 миллион евро бөлөт. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө — бул каражаттардын 7,6 миллион евросу 15 жылдык насыя катары, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен төлөнүп берилээри айтылат. Кредиттин үстөк пайызы жылына 1 пайызды жана Еврибордун ставкасын түзөт. 9,4 миллион евро грант түрүндө берилген.

Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Мирбек Дүйшеевдин айтымында, бул каражат Шопоков жана Кемин шаарларын таза суу менен камсыз кылууга жана канализация системасын оңдоого жумшалат. Ал эми Таласта тазалоочу жайлар жаңыланат.

Views
8
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

1 день назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18