13:07, 10 марта 2025, 24.kg

Дыйкандарга 10 миң тоннага чейин дизель майы жеңилдетилген баада берилет

Жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дыйкандарга 10 миң тоннага чейин дизель майын 65 сомдон жеңилдетилген баада берет. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Ведомстводон белгилешкендей, дыйкандарга айыл чарба өсүмдүктөрүнөн жана мөмө-жемиштерден жогорку түшүм берүүчү сортторду өстүрүү сунушталат.

Ошондой эле жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн 42,2 миң тонна дизель майы жана 12 миң тонна бензин талап кылынарын да айта кетели. Бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоодо көйгөй жок.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель майы жана бензин жетиштүү.

Мындан тышкары, Айыл чарба министрлиги пайдаланылбай жаткан айдоо жерлеринин аянты 3,3 миң гектарга азайып, 35,7 миңге чейин азаят деп билдирди. Башкача айтканда, 2025-жылы жалпы айдоо аянты 1 миллион 250 миң гектарды түзүп, былтыркыдан 3,3 миңге көп.

Views
8
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18