14:14, 07 марта 2025, 24.kg

Талас облусунда жер комиссиясынын мүчөлөрү кармалды

Талас облусунда жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу фактысы боюнча жер комиссиясынын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунун айрым жооптуу кызматкерлери 2009-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде акчалай компенсация алуу үчүн 163 айыл чарба бирдигинин көлөмүндөгү трансформацияланбаган жер участокторун (сугат, айдоо категориясындагы жерлер) жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп берилгендиги аныкталды.

Бул факт боюнча ушул жылдын 5-мартында Бакай-Ата жер комиссиясынын мүчөлөрү: райондун акиминин биринчи орун басары — С.М., Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча аймактык агенттиктин филиалынын директору — С.Б., айыл аймагынын мурдагы башчысы — Р.Б. кармалды жана Талас шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда КР УКМК бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка жетекчилерди аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Views
8
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18