11:21, 07 марта 2025, 24.kg

Венгрия Ысык-Көлдү сактап калуу үчүн технологияларын адаптациялоону сунуштады

Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев H2O эл аралык консорциумунун аймактык директору Золтан Бенко менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстандын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо, тазалоочу жайларды куруу жана ирригациялык системаны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Министр Бакыт Төрөбаев өлкөнүн айылдарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн, ошондой эле ири шаарларда гана эмес, республиканын алыскы райондорунда да тазалоочу курулмаларды куруу зарылдыгын белгиледи.

«Н2О» эл аралык консорциумунун өкүлү Золтан Бенко жолугушуунун катышуучуларын компаниянын ишмердүүлүгү жана анын суу ресурстары жаатындагы тажрыйбасы менен кеңири тааныштырды.

Талкуунун жүрүшүндө өзгөчө көңүл Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоо жана региондун инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерине бурулду. Венгриянын суу ресурстарын башкаруудагы (мисалы, Балатон көлү жаатындагы) олуттуу тажрыйбасын эске алуу менен тараптар Кыргызстанда алдыңкы технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашышты.

«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык топтун төрагасы катар Бакыт Төрөбаев көлдүн экологиясын сактоонун биринчи даражадагы маанилүүлүгүн белгиледи.

Артыкчылыктуу милдеттердин катарында заманбап тазалоочу курулмаларды куруу, ирригациялык системаларды жакшыртуу жана сууну пайдалануунун инновациялык методдорун киргизүү саналды.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Н2О» консорциумунун өкүлү Золтан Бенко мындан аркы өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экендигин жана Кыргызстандын суу менен камсыздоо жана суу ресурстарын коргоо тутумун жакшыртууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18