10:10, 07 марта 2025, 24.kg

Бишкекте социалдык маанидеги товарлардын жарманкеси өтөт

Борбор калаанын тургундары жана меймандары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштурган жарманкеде азык-түлүк жана эл керектөөчү товарларды дүң баада ала алышат. Жарманке шаардын үч жеринде өтүп, үч күнгө — 7-9-мартка чейин уланат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, иш-чаранын негизги максаты ата мекендик өндүрүшчүлөргө, агроөнөр жай ишканаларына жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Жарманкеден жашылчалар, жемиштер, эт жана сут азыктары, нан азыктары, ошондой эле эң зарыл керектелүүчү товарлар сыяктуу социалдык маанилүү тамак-аш продуктыларынын ассортиментин таба алышат.

Жарманкелер күн сайын саат 9:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын төмөнкү даректеринде 7-9-мартка чейин ачык болот:

Түгөлбай-Ата көчөсү;

Эркиндик проспектиси;

Касым Тыныстанов көчөсү (Темир жол вокзалынын аймагы).

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18