14:08, 06 марта 2025, 24.kg

Баткендеги Достук айылын которуу. Кайсы аймакка көчүрүлөрү аныкталды

Баткен районунун Достук айылынын жергиликтүү бийликтери жана тургундары көчүрө турган жерди аныкташты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине облустун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Достук айылынын тургундары менен жолугушуп, элди кайда көчүрүү маселесин талкуулашты.

Жыйынтыгында айыл элинин макулдугу менен баары Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерине көчүрүү чечими кабыл алынды. Аталган аймак Баткен шаарынын аймагы менен чектешет.

Натыйжада ар бир үй ээси үчүн беш сотыхтан жер тилкесине мамлекет тарабынан бардык шарты менен турак үй курулуп берилет. Жалпы 71 үй курулат.

 

Мындан сырткары, мамлекеттик актысы бар жер тилке ээлерине беш сотыхтан турак жай салуу үчүн жер тилкеси берилет.

Ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлери үчүн Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы 9 гектар жер бөлүнүп берилет.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо процессинин жыйынтыгы менен Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өткөн. Ага ылайык айыл эли башка аймакка көчүрүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18