13:31, 06 марта 2025, 24.kg

Улуттук банк эскертет: Шылуундар Улуттук банк төрагасынын атын жамынып жатышат

Өзүн Улуттук банктын төрагасы катары тааныштырган белгисиз адамдар мессенджер аркылуу коммерциялык банктардын мурдагы жана азыркы төрагаларына билдирүүлөрдү жөнөтүп, мыйзам менен көйгөйлөр жаралгандыгын кабарлашууда.

Адамды ынандырыш үчүн шылуундар Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарларынын жана башка кызматкерлердин чыныгы сүрөтүн көрсөтүшүүдө. Андан кийин өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери деп тааныштырган адам байланышка чыгып, тезинен акча которууну суранат.

Буга байланыштуу Улуттук банк алар шылуундар экендигин эскертет!

«Эч убакта мындай өндүү билдирүүлөргө ишенбеңиз, шектүү маалыматтарды расмий булактардан текшериңиз, эч кандай учурда бейтааныш адамдарга акча которбоңуз.

Эсиңизде болсун, Улуттук банк эч качан телефон аркылуу жарандардан жеке маалыматтарын сурабайт, ошондой эле «коопсуз» эсеп деген шылотоо менен эч убакта акча которууну сунуштабайт.

Улуттук банк жарандарга эсеп ачыпайт, физикалык тараптарга тейлөө жүргүзбөйт жана калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт.

Этият болуңуз! Өзүңүздү алдаганга жол бербеңиз!

Коомдук кабылдаманын номери (312) 61-04-86», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18