13:19, 06 марта 2025, 24.kg

Соттор кеңешинин курамын 20 адамга чейин көбөйтүү сунушталды

Соттор кеңешинин мүчөлөрүнүн санын 15тен 20га чейин көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда жактырды.

Документтин автору, депутат Медербек Алиев Соттор кеңешинин курамын гендердик жана аймактык өкүлчүлүктү эске алуу менен ошондой эле 15 адамдын 9у тартип комиссиясынын курамына киргендигин эске алуу менен көбөйтүү сунушталып жатканын билдирди.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору менен тартип комиссиясынын ыйгарым укуктарынан судьяны сот тарабынан белгиленген жазык жоопкерчилигине тартуу жана ал кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурда (айыпкер катары) судьяны ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө беренелерди алып салуу сунушталууда. Бул жогорудагы чаралар дисциплинардык чара көрүүнүн чегинен чыгып кеткендиктен жасалып жатат деп түшүндүрдү эл өкүлү.

Медербек Алиев белгилегендей, Соттор кеңешинин мүчөлөрү коомдук башталышта иштеп, айлык акы алышпайт. Демек, мыйзамды кабыл алуу кошумча каржылык чыгымдарды алып келбейт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18