11:46, 06 марта 2025, 24.kg

Токмокто Салык кызматынын кызматкерлери кармалды

Токмок шаардык салык кызматынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Атайын кызмат мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алкагында, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча мурдагы башчысы Н.М.М., киреше боюнча бөлүм башчысы О.Э.Б., салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы З.Б.З. жана жеке ишкер М.Р.С. кармалды.

Такталгандай, кызматкерлер жеке ишкер Х.А.Х.нын тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында бир бүтүмгө келип алышып, мамлекеттик органдарга берилген отчеттук маалыматтарды атайылап бурмалашкан, ошондой эле республикалык бюджетке 8 млн 500 миц сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда чындыгында аталган бул сумма мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө көбөйүшү мүмкүн.

Кармалгандар 3-мартта Жаза аткаруу кызматынын № 21 тергөө камак жайына киргизилген. Азыркы тапта ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18