11:16, 06 марта 2025, 24.kg

Эски үлгүдөгү долларды алуудан баш тарткан банктарга чара көрүлөт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мэлс Аттокуровдон эмне үчүн айрым коммерциялык банктар эски чыгарылыштагы «ак» долларды албай жатканын сурады.

Мэлс Аттокуров базардагы долларлар «ак» жана «жашыл» болуп экиге бөлүнөт деп жооп берди. Улуттук банкка буга чейин каржы институттары «ак» долларды албай жатат деген даттануулар келип түшкөн. Ал бул арыздар боюнча чара көргөн.

Анын айтымында, коммерциялык банктар жана башка каржы институттары «ак» долларды кабыл албай коё албайт. Эгерде даттануулар болсо көзөмөл органы териштирип, чара көрөт.

Буга чейин Улуттук банк «ак» деп аталган доллардын жүгүртүүдөн чыгарылып жатканы тууралуу маалыматты төгүндөп, ага байланыштуу коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар бул банкнотторду кабыл албай жатат делген.

Жалпы тил менен айтканда, 1996-2006-жылдар аралыгында чыгарылган АКШ долларлары ачык түсү менен айырмалангандыктан, «ак» деп аталат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18