10:37, 06 марта 2025, 24.kg

Быйыл Орозо айт 30-мартта белгиленет

Быйыл Кыргызстанда Орозо айт 30-мартта белгиленет. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

 

Photo 367766

Баардык мусулмандар кармаган орозо 1-мартта башталды. Орозо кармоо менен мусулман адам көздөрүн арам нерселерди кароодон, кулактарын арам болгон нерселерди угуудан, тилди жалган сүйлөөдөн, курсагына арам тамакты киргизүүдөн, колдору менен жаман ишти жасоодон жана буттары менен арам жерлерге баруудан сактанат.

Кошумчалай кетсек, муфтият тарабынан битир-садаганын өлчөмү бекитилген: жарандар буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же аларды акчалай наркы менен берүү керек.

Орозо айт мусулмандардын эки негизги майрамынын бири (экинчи Курман айт). Маалым болгондой, ал көбүнчө 29 же 30 күнгө созулган Рамазан айы аяктагандан кийин белгиленет.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18