18:39, 05 марта 2025, 24.kg

Мурдагы аткаминер Ленин чокусунун астында дээрлик 100 гектар жерди ээлеп алган

Мурдагы аткаминер Ленин чокусунун астындагы 91 гектар жерди ээлеп алып, мамлекетке кайтарып бербей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, ал адам жер тилкесин 22 жыл мурун туристтик база куруу үчүн алган, бирок бул убакыт аралыгында ал жерге бир сом да жумшаган эмес.

«Чоң-Алайдын кары-жаштары мурдагы аткаминер менен дагы эле соттошуп жатышат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы мыйзамсыз менчиктештирилген жерлерди мамлекетке кайтарып алуу иштерин ийгиликтүү жүргүзүүдө. Бул жагдайга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууну суранам. Алар жергиликтүү элге кысым көрсөтүп жатышат», — дейт Жанар Акаев.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18