18:27, 05 марта 2025, 24.kg

Бишкекте «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жаңы имаратынын курулушу башталды

Photo 367694

Бишкектин четиндеги Орок айылында президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жаңы имаратына мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, коомчулуктун жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев өз сөзүндө бул долбоор заманбап, технологиялык жана жарандарга багытталган мамлекетти түзүү жолундагы маанилүү кадам экенин белгиледи.

Photo 367696

«Биз ар бир кыргызстандык санариптештирүү тууралуу жөн гана укпастан, анын пайдасын күнүмдүк жашоосунда колдонуусун каалайбыз. Мамлекеттик кызматтар ыңгайлуу, жеткиликтүү жана ачык-айкын болушу керек. Дал ушул максатта «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жаңы имараты курула баштады. Бул Бишкек шаарындагы бардык ири Калкты тейлөө борборлорун жана Мамлекеттик персонификациялоо борборун бириктирген бирдиктүү борбор болот», — деди ал.

Жаңы комплекс мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү санариптик чечимдердин флагманы болуп калат.

Жалпы аянты 20 234,09 чарчы метр болгон 7 кабаттуу, 4 блоктон турган имаратта кенен күтүү залдары, Калкты тейлөө борборлору, кеңселер, архивдик жайлар, 252 орундуу унаа токтотуучу жай жана башка заманбап инфраструктуралар орун алат.

Борбордун кубаттуулугу күнүнө 5 миң адамга чейин жетет.

 

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18