15:12, 05 марта 2025, 24.kg

Депутат Султанбай Айжигитов «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылды

Депутат Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештеги «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылды. Бул тууралуу фракциянын лидери Динара Ашимова билдирди.

Кезексиз жыйынга фракциянын бардык депутаттары: Замирбек Мамасадыков, Эрнис Айдаралиев, Винера Раимбачаева жана Султанбай Айжигитов өзү катышты.

Буга чейин Динара Ашимова депутат курч темада «туура эмес позицияны» айтып, кыргыз-тажик чек арасында сүйлөгөн сөзүн макулдашпай, элди дүрбөлөңгө салганын белгилеген.

Парламент жыйынында Султанбай Айжигитов Кыргызстан Достук айылын кайтарып алуу, Головной суусун кошуналар менен 50/50 бөлүшпөй, Ворух анклавынын тегерегиндеги жерлерди бербей коюу керек деген пикирин билдирди.

Эске сала кетсек, 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитети Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимди ратификациялоону карап, жактырган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек ара боюнча келишимди ратификациялоо процесси бир айдын ичинде аяктай турганын билдирди. Макулдашууга 21-февралда Бишкекте өкмөттүк делегациялардын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кол коюлган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18