14:10, 05 марта 2025, 24.kg

ЖК төрагасы жасалма интеллекттин жардамы менен кылмыштар көбөйгөнүн айтты

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу акыркы убактарда жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган кылмыштардын саны көбөйгөнүн айтты.

«Шылуундар жасалма интеллектти пайдаланып, телефон, интернет аркылуу элди алдаган учурлары арбын кездешүүдө. Алсак, белгилүү эле адамдардын атынан ар кандай билдирүүлөрдү таратып, акчалардын котортуп алган жагдайлар бар. Анда адамдардын үнүнөн баштап, кыймыл аракетине чейин окшоштуруп жасап, ошол адамдын өзүндөй кылып интервьюларды бердирген мисалдарды көрүүгө болот. Жасалма интеллект аркылуу жасалган мындай кылмыштарга коомчулук ишенип калууда. Андыктан эл расмий булактардан берилген гана маалыматтарга көңүл бурушу керек», — деди төрага.

Андан тышкары, ал мындай көйгөй башка өлкөлөрдө да курчуп бара жатканын белгиледи.

«Россиянын өлкө башчысы телефон кылмыштарына байланыштуу атайын өкмөттүк жыйын уюштурганы, ал жакта дагы аталган маселеленин олуттуу экендигинен кабар берет. Ошондуктан биздин укук коргоо органдарыбыз жагдайды тыкыр көзөмөлдөп, жасалма интеллект аркылуу жасалган кылмыштардын алдын албаса болбойт. Себеби мындан коомчулук, жалпы элибиз жабыркап жатат», — деп кошумчалады ал.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18