13:27, 05 марта 2025, 24.kg

«Ыйман Нуру» фракциясы чек ара боюнча сөз кылган депутатка чечим чыгарат

Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» фракциясы кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча пикирин билдирген депутат Султанбай Айжигитовго чечим чыгарат. Бул тууралуу анын лидери Динара Ашимова парламент жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, фракция мүчөсү курч темада «туура эмес позицияны» айтып, сөзүн макулдашпай туруп, элди дүрбөлөңгө салган.

«Биз фракциянын депутаттары менен кезексиз жыйын өткөрүү боюнча сүйлөштүк жана Султанбай Абдрашитович Айжигитов менен сүйлөшөбүз. Анын сөзүн угуп, чечим чыгарабыз», — деди Динара Ашимова.

Буга чейин Султанбай Айжигитов Кыргызстан Достук айылын кайтарып, Головной суусун кошуналары менен 50/50 бөлүшпөй, Ворух анклавынын тегерегиндеги жерлерди бербей коюш керек деген пикирин билдирген.

Эске сала кетсек, 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитети Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимди ратификациялоону карап, жактырган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек ара боюнча келишимди ратификациялоо процесси бир айдын ичинде аяктай турганын билдирди. Макулдашууга 21-февралда Бишкекте өкмөттүк делегациялардын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кол коюлган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18