10:11, 05 марта 2025, 24.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жаңы басма сөз катчысын дайындады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жаңы басма сөз катчысы келди. Ал 42 жаштагы Азамат Кайбалиев болду.

Photo 367526

Кайбалиев Азамат Нарынбекович 2005-жылы «Ататүрк — Ала-Тоо» эл аралык университетин эл аралык мамилелер адистиги боюнча бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин системасында 2006-жылдан бери иштейт. Министрликтин борбордук аппаратында жана чет өлкөлөрдө ар кандай дипломатиялык кызматтарды ээлеген.

Иш тажрыйбасы:

2006-2008-жж.: КР ТИМинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин референти, атташеси;

2008–2012-жж.: Малайзиядагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин үчүнчү, андан соң экинчи катчысы;

2012–2015-жж.: Министрликтин Азия жана Африка департаментинин үчүнчү, кийин экинчи катчысы;

2015–2016-жж.: Катардагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин экинчи катчысы;

2017–2019-жж.: КР ТИМинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин биринчи катчысы, кеңешчиси;

2019-2022-жж.: Казакстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин биринчи катчысы;

2023 — ж. (март-август) — КР ТИМинин биринчи саясий департаментинин Россия Федерациясы жана Беларусь Республикасы бөлүмүнүн башчысы.

Азамат Кайбалиев мамлекеттик жана расмий тилдерден сырткары англис жана түрк тилдеринде сүйлөйт. 2-класстагы кеңешчи дипломатиялык рангына ээ.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18