09:24, 05 марта 2025, 24.kg

12 жылдык билим берүүгө өтүү этап менен ишке ашат: Садыр Жапаровдун чечими

Президент Садыр Жапаров билим берүү тармагын реформалоону этап-этабы менен ишке ашыруу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбук баракчасына жазды.

 

Photo 367518

Министрлер кабинетинде 12 жылдык мектепте билим берүүгө өтүүгө арналган жыйын болду. Ага мамлекет башчысы, эксперттер, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилери жана башка жооптуу адамдар катышты.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, Президент тынчсыздануусун билдирип, тобокелчиликтерди белгилеп, 12 жылдык мектепке өтүүнү этап менен ишке ашырууну чечти.

"Билим берүү — ар бир кыргызстандыкты түйшөлткөн жана өлкөнүн келечегин аныктаган тармак. Албетте, мындай масштабдуу өзгөртүүлөр ар дайым коомдук талкуудан өтүшү керек жана ар кандай пикирлердин болушу толук табигый көрүнүш. Ачык диалог жана конструктивдүү талкуу гана бизди сапаттуу чечимдерге алып барат",-деди ал.

Камчыбек Ташиев 12 жылдык билим берүү бул жөн гана кошумча жыл эмес, мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, адистештирилген кадрларды даярдоону кеңейтүүгө, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга, мектеп программаларын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө мүмкүнчүлүк деп эсептейт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18