03:06, 05 марта 2025, 24.kg

Бүгүн Ак калпак күнү!

Кыргызстанда ар жыл сайын 5-мартта «Ак калпак жана Улуттук кийим күнү» белгиленет. Ак калпак күнү деп 2011-жылы жарыяланган. Анын негиздөөчүсү Рысбек Жабиров . Бул күн улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

 

«Ак калпак» жана «Улуттук кийим», улуттук символ катары кийинки муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан бул майрам өзүнүн майрамдык датасына ээ болгон. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болууда. Бул күн 2016-жылдан тарта Кыргызстандын аймактарында жана чет өлкөдө мекендештерибиз тарабынан расмий түрдө белгиленип келет.

Ак калпак — кыргыздын улуттук эркек баш кийими. Көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, ак мөңгүлүү Ала-Тообузга окшош болгондуктан ак калпак деп аталат.

Ак калпак — бул кыргыздардын кийим — кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин калпакты кийип жүргөндөр сезе алышат. Калпакты кийген адам ата — бабаларынын тарыхына тамырлашып, элинин салтына, маданиятына бекем байланышат.

Ак калпак — кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата — бабадан кастарланып келе жаткан асыл мурас. Кыргыз эли — эл болуп түзүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун,тазалыктын, аруулуктун жана тоолордун символу. Улуу күндүн ыйык белгиси катары кастарлап, сүр тутуп, сөөлөт санап, көрк катары кийип жүргөндүгү белгилүү.

Асманда жарык көрсөң жылдыз деп бил

Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил !

Кыргызда «Башыңдан ак калпагың түшпөсүн» деген жакшы тилек бар. Башыбыздан ак калпагыбыз түшпөсүн !

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18