08:00, 05 марта 2025, 24.kg

Владимир Зеленский Трамп менен туруктуу тынчтык үчүн кызматташууга даяр

Владимир Зеленский туруктуу тынчтык үчүн «президент Трамптын күчтүү жетекчилиги астында иштөөгө» даяр экенин билдирди. Бул тууралуу DW жазып чыкты.

Украинанын президенти өзүнүн Telegram-каналында «биринчи этаптар туткундарды бошотуу жана асманда ок атышууну токтотуу болушу мүмкүн», — деп белгиледи.

«Ракеталарга, алыс аралыкка учуучу учкучсуз учактарга, энергетикалык жана башка жарандык инфраструктураларды бомбалоого тыюу салуу жана Орусия да ошондой кылса, дароо деңизде ок атышууну токтотуу. Андан кийин биз бардык кийинки этаптардан өтө тез өтүп, Америка Кошмо Штаттары менен бекем акыркы келишимге жетишүүнү каалайбыз», — деп жазган Владимир Зеленский.

Ал ошондой эле «каалаган убакта жана каалаган ыңгайлуу форматта» «минералдык ресурстар жана коопсуздук боюнча келишимге» кол коюуга даяр экенин билдирди.

«Биз бул келишимди коопсуздукту жана ишенимдүү коопсуздук кепилдигине карай кадам катары карайбыз жана анын натыйжалуу иштешине чын жүрөктөн ишенем», — деп кошумчалады Зеленский.

Ал Ак үйдө Дональд Трамп менен жолугушуусу «күтүлгөндөй болбой калганына» өкүнүчүн билдирди. «Баарын оңдоого убакыт келди» деп жазган Зеленский. «Биз келечектеги кызматташуу жана байланыш конструктивдүү болушун каалайбыз».

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18