15:52, 04 марта 2025, 24.kg

Камчыбек Ташиев жардамга муктаж үй-бүлөгө бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды

Бүгүн, 4-мартта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев муктаж болгон үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, буга чейин үстүбүздөгү жылы 7-февралда 1990-жылы туулган Махратбек кызы Канышай аттуу жаран УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ал бала кезинен көзүнүн көрүүсү начар экенин, үч баланы жалгыз тарбиялап жатканын, ошондой эле улуу кызы да бала кезинен майып экенин, Бишкектеги угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдардын мектеп- интернатында окуп жатканын билдирген. Учурда балдары менен убактылуу батирде жашап жатат.

К. Махратбек кызынын туруктуу жумушу жок, бирок кайрымдуу жарандар тарабынан үй-бүлөсүн багууга, дарыланууга көмөктөшүү максатында кайрымдуулук уюмдарына кайрылып келишкен.

УКМК төрагасы Махратбек кызынын муктаж үй-бүлөсүнө батирдин ачкычын тапшырып, каалоо-тилектерин айтты.

Өз кезегинде Махратбек кызы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге турак-жай менен камсыз кылууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18