11:42, 04 марта 2025, 24.kg

Бишкекте автобус кырсыгынан жабыркаган окуучу кызга операция жасалды

Бишкекте № 52 жүргүнчү ташыган автобус сүзүп кеткен окуучу кызга операция жасалды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, 12 жаштагы кыз оң бутунан чоң жаракат алып, жамбаш сөөгү сынып, Бишкек шаарындагы Тез медициналык жардам балдар клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Операциядан кийинки абалы туруктуу, учурда травматология бөлүмүнө которулган.

Белгилей кетсек, 3-мартта саат 14:10дор чамасында борбор калаадагы 12-кичи райондон жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден өтүп бара жаткан окуучу кызды автобус сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге келген Тез жардам кызматы кызды ооруканага алып кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18